Кыргызстанда психикалык оорулардан жабыркаган алты миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Республикалык балдар психиатриялык ооруканасындагы балдардын укугу" аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулаш үчүн уюштурулган жыйында билдирди.
Оторбаевдин айтымында, психикалык жактан жабыркаган балдар көбөйүүдө жана алардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбейт.
Акыйкатчынын баяндамасында ошондой эле психиатриялык ооруканаларда бир катар укук бузуу учурлары болуп жатканы айтылды.
Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде өтүп жаткан тегерек стол "Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу" жана "Эмгек мигранттарынын укуктары" деген темаларга арналган. Тегерек стол Республикалык балдар психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан балдардын укуктарына мамлекеттик органдардын, коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле тышкы эмгек миграциясындагы актуалдуу маселелер жана алардын чечилиш жолдорун талкуулоо максатын көздөйт. (TSh\ErN)