Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

УКМКнын 9-кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Токтосун Сабыров.
Токтосун Сабыров.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары даражасындагы 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

9-кызматтын мурдагы зардалы, ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон Дамир Мусакеев 4-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG