Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

“Кыргыз-Кувейт байланыштары” аттуу китеп араб тилинде жарык көрдү


“Кыргыз-Кувейт байланыштары” китебинин мукабасы.
“Кыргыз-Кувейт байланыштары” китебинин мукабасы.

Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушевдин “Кыргыз-Кувейт байланыштары” китебинин араб тилине которулган басылмасы жарык көрдү. Бул тууралуу автор “Азаттыкка” билдирди.

Илимпоз-тарыхчынын араб тилине которулган китеби 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий жана билим берүү багыттарындагы кызматташуусунун жүрүшү архивдеги тарыхый булактардын негизинде жазылган. Бул китептен окурман Кыргыз Республикасынын жана Кувейт мамлекетинин тарыхы, маданияты, саясий жана экономикалык абалы жөнүндө маалымат ала алат.

Жыйнакта Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы дипломатиялык алакалар, Бишкек шаарында ачылган Кыргыз-Кувейт университети жөнүндө да кеңири баяндалат.

Араб тилине которулган китеп китепканаларга, окуу жайларга жана араб мамлекеттерине таратылат.

Асан Ормушев - 20дан ашуун илимий китептин, окуу куралдардын, 200гө жакын илимий жана публицистикалык макалалардын автору. Эл агартуусунун отличниги, КР маданиятынын мыктысы, Журналисттер союзунун мүчөсү, Чыңгыз Айтматов атындагы коомдук Академиянын академиги. Автордун эмгектери араб, түрк, англис, фарс, орус тилдерине которулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG