Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:28

Баткен шаарында 500 аял бий акциясын өткөрдү


Баткен шаарында бийлеген аялдар.

“Бий - бул ден соолук, ден соолук - бул сулуулук” деп аталган акция 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Баткен шаарында өттү. Акция таң эрте башталып, 500 аял музыканын коштоосунда бийлеп, дене көнүгүүлөрүн жасашты.

Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган акцияда дарыгер айымдар пайдалуу дене көнүгүүлөрүн көрсөтүштү. Мыкты бийлеген айымдар уюштуруучулар тарабынан белектерге ээ болушту.

Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп, аялдарды спорт менен машыгууга, бийлөөгө жана сергек жашоого үндөдү.

Акциянын жүрүшүндө айымдар кан басымдарын, организмдеги канттын өлчөмүн жана салмак менен бел өлчөмдөрүн да акысыз текшертүүгө үлгүрүштү. (JsA\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG