Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

БШК “Ата Мекендин” талапкерлерин тизмеден чыгарган жок


"Ата Мекен" партиясынын туусу.
"Ата Мекен" партиясынын туусу.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн “Ата Мекен” партиясынын тизмесинен айрым талапкерлерди чыгаруу маселесин карады. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” айтканы боюнча, талапкерлердин өздөрүнүн арызынын негизинде алар тизмеден чыгырылган жок.

- Биз бул маселени караганга чейин Гүлнара-Клара Самат, Ташболот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мирзаматов мурда жазган арыздарын кайра чакыртып алуу боюнча арыз беришкен. Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин негизинде талапкер өзүнүн мурда берген арызын кайтарып алууга укуктуу. Ошонун негизинде саясий партиянын кайрылуусун четке кагуу боюнча чечим кабыл алдык.

БШКга партиядан мандат алыш үчүн кезекте турган беш кишини тизмеден чыгаруу жөнүндө "Ата Мекендин" төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматовдун атынан 29-мартта кат келген. Анда ата аталган талапкерлердин "эгер тийиштүү добуш ала албасак тизмеден чыгабыз" деген арыздары БШКнын кароосуна жөнөтүлгөн болчу.

Соттун чечиминен кийин депутаттык мандаты алынган Аида Салянованын ордуна ким келери тизме боюнча келе турган Гүлнара-Клара Саматтын жарандыгы боюнча маселе чечиле элек болгондуктан токтоп турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG