Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

"Талибан" өз көзөмөлүндөгү 30 мектепти жапты


Гилмент провинциясындагы мектептердин бири. 2-апрель, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Гилмент провинциясындагы мектептердин бири. 2-апрель, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

"Талибан" кыймылы Кабулдун түштүгүндөгү өзү көзөмөлдөгөн аймакта жергиликтүү кол башчылардын бири жок кылынгандан кийин кеминде 30 мектепти жапты. Бул тууралуу ооган бийлиги кабарлады.

Логар провинциясынын администрация өкүлү Салим Салехтин айтымында, талибдер бир нече согушкери жана кол башчыларынын бири өкмөттүк күчтөрдүн операциясында өлтүрүлгөн соң Чарх районундагы мектептерди жапкан.

Ооган медиасы мурдараак "Талибан" кыймылынын кол башчыларынын бири Муалви Мохаммед атайын операциянын алкагында 30-мартта жок кылынганын жазган.

Салехтин айтымында баш калаадан 60 чакырым жерде жайгашкан Чарх районундагы мектептерди жакын арада ачыш үчүн бийлик жергиликтүү уруулардын аксакалдары жана диниятчылар менен сүйлөшүп жатат.

Логардын жергиликтүү кеңешинин башчысы Хасибулла Станекзай согушкерлер аксакалдарга "бийлик өкүлдөрү менен жолукпагыла" деп эскертишкенин айтты.

Мектептерде окуу 31-марттан бери токтоп турат.

XS
SM
MD
LG