Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:43

Анкара түркиялык банкирдин АКШда айыпталышын сынга алды


Түркиянын мамлекеттик "Halkbank" банкынын аткаруучу директору Мехмет Хакан Атилла.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы Түркиянын мамлекеттик "Halkbank" банкынын аткаруучу директорун 20 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө америкалык прокурорлордун өтүнүчүн сынга алды. Ал АКШ тарабынан "Вашингтондун Иранга каршы киргизген санкцияларын айланып өтүү схемасын түзүп, ишкерлерге мыйзамсыз соода жүргүзүүгө жардам берген" деп айыпталууда.

- Биз прокурорлордун бул чечимин сынга алабыз жана четке кагабыз, бул олуттуу адилетсиздик, - деди 5-апрелде Стамбулда өткөн басма сөз жыйынында президенттин басма сөз катчысы Ибрагим Калин.

АКШнын прокурорлору 47 жаштагы Мехмет Хакан Атилланы "ирандык түрк ишкери, алтын соодасы менен алектенген Реза Заррабга жана анын шериктерине Түркия менен Араб Эмираттарындагы айрым компанияларга жамынып, иш жүзүндө Ирандын атынан соода кылып, көз боёмочулукка барганга жардам берген" деп айыпташууда.

Америкалык тергөөчүлөр "Halkbank" 2010-2015-жылдар аралыгында Иранды чет элдик валюта жана алтын менен мыйзамсыз камсыз кылууну жаап-жашырууга көмөктөшкөн деп эсептешет.

Ишкер Зарраб былтыр мартта АКШда кармалып, ага расмий Тегеранга каршы санкцияларды бузуу, көз боёмочулук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар тагылган. Бирок кийин өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган Зарраб тергөө менен кызматташып, эми коргоого алынган күбөгө айланды.

XS
SM
MD
LG