Германиянын соту 6-апрелде каталон жикчилеринин лидери Карлес Пучдемонду 75 миң евро күрөөгө бошотту. Аны Испанияга экстрадициялоо маселеси кийин каралмакчы. Сот "кутумга көкүтүү" деген айып менен саясатчыны мекенине өткөрүү тууралуу өтүнүчтү четке кагып, бирок ал "мамлекеттик каражатты кымырып алуу" айыбы боюнча экстрадицияланышы мүмкүн экенин билдирди.
Сот чечиминин алдында "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө ал: "Биз келечекке үмүт жана оптимизм менен карашыбыз керек. Анткени биздин укугубуз бар, биз өз келечегибизди башка бирөөлөрдүн уурдап кетишине жол бербөөгө укугубуз бар. Мен өз позициябыздан кайтпайм, аягына чейин турушубуз керек", - деп билдирди.
Пучдемон 26-мартта Финляндиядан Бельгияга бараткан жеринен Германия аймагына кирип баратканда кармалган. Былтыр октябрда Испанияга караштуу Каталония автономиясынын эгемендиги боюнча өткөрүлгөн референдумду мыйзамсыз деп санаган Мадрид аны өткөрүп алууга аракеттенүүдө.
Бийликке каршылык көргөзүү жана кутумга түртүү аракети үчүн жикчилердин лидери 30 жылга кесилиши ыктымал. Испаниянын Жогорку сотунун судьясы аны кармоого эл аралык ордер чыгарган.
Пучдемон жана тарапташтары күнөөсү жоктугун айтышууда.