Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 15:42

Иманалиев: Атамбаев салган үйдүн мыйзамдуулугу каралышы керек


Каныбек Иманалиев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик резиденцияга салган үйүнүн мыйзамдуулугу каралышы керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев башкы прокурордун отчету каралып жатканда билдирди.

- Кыргызстандын төрү - бул мамлекеттик резиденция, мамлекеттик аймак. Ошол жерге чет элдик демөөрчүлөрдөн 1 млн. доллар акча алып үй салганга кимдин акысы бар? Кайсы мыйзам, кайсы мамлекеттик акт? Андай болсо Маевскийден акча алып Башкы прокуратурага имарат салалы, Ширшовдон алып Жогорку сотко үй салалы. Кайсы документ, токтомдун негизинде уруксат бар?

Эл өкүлү узаткан суроого башкы прокурордун орун басары Бөкөнбөй Казаков “андай документ жок” деп жооп берди. Иманалиев муну президенттин иш башкармалыгынан талап кылууну суранды.

Экс-президент резиденцияга жаңы үй салдыртканын алгач интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Кийин президенттин иш башкармалыгы муну тастыктап, курулушка 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз эсебинен чыгарганын билдирген. Үйдүн аянты 301,8 чарчы метр.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта КСДП курултайынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына салган үйү тууралуу түшүндүрмө берген. Ал резиденциядагы үйдү жоро-жолдошторунан акча чогултуп салганын айткан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG