Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

"Times": Скрипал ууландырылган зат Саратовдо чыгарылган


Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал ууландырылган Солсбери шаары. 3-апрель, 2018-жыл.
Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал ууландырылган Солсбери шаары. 3-апрель, 2018-жыл.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен кызы ууландырылган "Новичок" деген зат Саратов облусундагы Шиханы шаарчасындагы лабораторияда иштелип чыккан. Бул тууралуу британ чалгын кызматына шилтеме берип "Times" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, атайын кызматтар өткөргөн брифингде акыркы 10 жылда ал жабык шаардагы объектиде нерв системасын шал кылчу зат сыноодон өткөрүлүп келгени айтылды.

Шиханыда "Новичок" заты сыноодон өткөнүн СССР заманында "Новая газета" да жазганы бар. Британиянын бийлиги Скрипалдарды ууландыруунун артында Орусия турат деп айыптап келатат. Москва муну танууда. Кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Скрипалдын иши талкууланып, тараптар кайрадан кайым айтышты.

XS
SM
MD
LG