Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Орусия-Батыш: дипломатия тиреши


Москва АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жаап жатат. 30-март, 2018-жыл
Москва АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жаап жатат. 30-март, 2018-жыл

Мурдагы орусиялык тыңчы, учурдагы британ жараны Сергей Скрипалдын ууландырылышынан кийин Орусия менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда тутанган дипломатиялык тирешүү уланууда. Кечээ Москва АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жабарын жана орусиялык канча дипломат чыгарылса, Москва да Орусиядан ошончосун кетирерин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Комшо Штаттардын Москвадагы элчиси Жон Хантсмен мекемеге чакырылып, Вашингтондун буга чейинки чараларына кандай жооп кайтарылаары жөнүндө кабардар кылынганын бейшемби күнкү маалымат жыйынында билдирди:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Калган өлкөлөрдү айта турган болсом, алар кандай кылса биздин жообубуз да ошондой болот. Канча дипломатыбызды чыгарса, дипмиссиялардагы ошончолук сандагы киши кетет. Азырынча мына ушундай.

Орус тышкы иштер министрлиги тактагандай, АКШнын Москвадагы элчилигинде иштеген 58 киши жана Екатеринбургдагы консулдуктун эки кызматкери персона нон-грата деп жарыяланды. Алар Орусия аймагынан 5-апрелге чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Санкт-Петербургдагы АКШ консулдугу. 30-март, 2018-жыл
Санкт-Петербургдагы АКШ консулдугу. 30-март, 2018-жыл

Вашингтон Москванын реакциясы күтүлгөндөй эле болду деп комментарийлеп, АКШ жана башка өлкөлөрдөн чыгарылып жаткан орусиялык дипломаттарды атайын кызматтардын өкүлдөрү деп атады.

- Кошмо Штаттар көптөгөн башка өлкөлөр менен бирге орусиялык тыңчыларды чыгарып салууну чечти. Орусия британиялык жаран менен кызына үрөй учурган кол салуу үчүн жооптуу. Алар дагы бир жолу химиялык куралга тыюу салган конвенцияны бузушту. Тыюу салынган "Новичок" кооптуу затынын колдонулушуна биз олуттуу карайбыз, - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт.

Мамлекеттик депаратамент ошондой эле Вашингтон жооп катары чара көрүүгө акылуу деп кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү АКШ мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен кызынын Британияда ууландырылышынан улам орусиялык 60 дипломатты чыгарууну чечкен. Анын аркасынан бир нече өлкө, арасында Евробиримдик мүчөлөрү, Украина, Грузия да ушундай эле чара көрүшөөрүн жарыялашкан. Бардыгы болуп дипмиссияларда иштеген 150дөн ашуун кызматкер Орусияга кайтууга тийиш.

Санкт-Петербургдагы АКШ консулдугунан кетип жаткандар. 30-март, 2018-жыл
Санкт-Петербургдагы АКШ консулдугунан кетип жаткандар. 30-март, 2018-жыл

Лондон башынан эле Орусиянын башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги Скрипалга кол салуунун артында Москва турат деп эсептеп, орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Кремл бардык айыптоолорду четке кагып, ошондой эле жооп кайтарган.

Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта Солсбери шаарчасында эс учун жоготкон абалда табылган. Алар ооруканага жеткирилип экөө тең комага түшкөн. Кечээ догдурлар Юлиянын абалы жакшырганын маалымдашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG