Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Сергей Скрипал оор абалдан чыкты


Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.
Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.

Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал оор абалдан чыкты жана саламаттыгы тез калыбына келе баштады. Бул тууралуу 6-апрелде дарыгерлер кабарлашты.

Бул аптада анын кызы, атасы менен кошо ууландырылган Юлия Скрипал да өзүнө келип, сүйлөй баштаганы кабарланган. Ал эми 5-апрелде британ полициясы Юлиянын билдирүүсүн таратты. Ал башынан өткөн окуядан улам “бир аз ориентирин жоготуп турганын” моюнга алып, баарын анын дарылануу жана калыбына келүү учурундагы жеке жашоосун урматтоого да чакырган.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.

Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке кагууда.

Буга жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан ашуун мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Орусия өз тарабынан Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн ошончо сандагы дипломаттары чыгарыларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG