Ноокаттын Бостон айылында ур-тепкиге кабылган жигит көз жумду. Кылмышты милиция иликтеп жатат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-мартка караган түнү Ноокат шаарынан аталган кыштакка сүйлөшкөн кызы менен жолугууга барган 32 жаштагы жигитти жергиликтүү эки тургун сабаган. Жабырлануучу алган жараатынан улам 5-апрелде ооруканада көз жумган.
Кылмыш иши алгач Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен козголгон. Жабырлануучу көз жумганына байланыштуу оор беренеге алмаштыруу жараяны жүрүүдө.
Ушул эле айылда сүйлөшкөн кызына жолугууга келип, токмоктолгон дагы бир жигиттин окуясы иликтенүүдө. 30-мартта күндүз жакшы көргөн кызына барган жигитти айылдагы онго жакын киши аёосуз сабаганын Ош облустук милициясы билдирди. Окуя жазылган тасма Интернетке тарады. Милиция мушташка катышкан тургундарды кармап, суракка алууда. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду. (SE)