Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 12:37

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдө белгиленет. Мындай чечим 6-апрелде Минск шаарында өткөн КМШдагы тышкы иштер министрлердин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер Чыңгыз Айматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымынан улам жазуучунун 90 жылдык мааракесин өз өлкөлөрүндө белгилөөнү колдошоорун билдиришти.

Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан.

Апрелдин башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Айтматовдун мааракесин өлкөдө кеңири белгилөө тууралуу токтому чыккан.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. Көзү тирүү болгондо 2018-жылы 90 жашка чыкмак. Анын туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG