Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Турсунбеков Сегизбаевдин кызматтан алынышын эл мүдөөсүнө байланыштырды


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы спикери, КСДПнын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков Абдил Сегизбаевдин УКМК төрагалыгынан кетишин элдин мүдөөсүнө байланыштырды. Мындай пикирин Турсунбеков "Азаттыкка" билдирди:

- Биринчи кезекте бардык нерсе коомчулукту тынчтандыруу, ар кандай кеп-сөздөрдү токтотуу максатын көздөшү керек. Эл эмнени күтсө, ошол багытта болушу керек. Башка чоо-жайын билбейм, бирок коомдогу талаптарды эске алуу менен ишке ашып жатса керек деп ойлойм.

Абдил Сегизбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы 7-апрелде расмий кабарланды.

Өлкөдө коомчулук өкүлдөрү президент С.Жээнбековдон жемкорлукка каршы күрөштү чындап жүргүзүү үчүн күч жана мыйзамдуулукту сактоо мекемелеринде жетекчиликке жаңы башчыларды алып келүү талабын айтып чыгышкан. (SE/BkA)

XS
SM
MD
LG