Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Израил аскерлери менен кагылышта тогуз адам набыт болду


Газа тилкеси менен Израилдин чек арасындагы кагылышта палестин тараптан тогуз адам набыт болду. Арасында журналист жана 16 жаштагы өспүрүм бар экени айтылууда.

Палестин тургундары чек араны кесип өтүүгө аракет кылып, жоокерлерди таш менен урганы, аскерлер алгач көздөн жаш агызган газ, желим ок атып, андан соң чыныгы окторду колдонушканы тууралуу маалыматтар бар. Жүздөгөн киши жабыркаган.

Газа тилкесиндеги палестиндер Израилдин чек арасына чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын өткөн жумада башташкан. Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүндүк берилишин көздөп жатышат. Нааразылык акциясын Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда. Мындан улам Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн. 30-мартта болгон кагылышууларда 15 палестин мерт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгон.

БУУнун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары.

XS
SM
MD
LG