Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Мюнстерде адамдарды тебелетүүгө шектүүнүн тек жайы такталды


Мюнстер, 7-апрель, 2018-жыл
Мюнстер, 7-апрель, 2018-жыл

Германияда жүк ташыган машинада адамдарды тебелетип кетти деп шектелген кишинин тек жайы такталды. Ал жергиликтүү 49 жаштагы тургун экени, акыл-эси ордунда эместиги айтылууда. Полиция анын үйүндө тинтүү жүргүздү. Күч органдары шектүүнүн экстремисттик топтор менен байланышы тууралуу маалыматтар жоктугун билдиришти.

Расмий кабарларга ылайык, Мюнстер шаарында 7-апрелде жүк ташыган автоунаа көчө кафесинде отургандарды тебелеп кеткен. Үч киши өлүп, отуздан ашууну жараат алган. Алты адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Кол салган айдоочу өз жанын кыйганын полиция билдирди.

Окуя алгач пландалган чабуул катары божомолдонуп жаткан.

XS
SM
MD
LG