Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:16

Ооганстандын Жаузжан аймагында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жергиликтүү лидери Кары Хикмет өлтүрүлдү. Аны өкмөттүн коопсуздук күчтөрү 5-апрелде жок кылышкан.

Облустук полициянын башчысы Факыр Мухаммар Жаузжани 7-апрелде берген маалыматка караганда, Хикмет менен кошо эки жансакчысы, эки жоочу да өлтүрүлгөн.

Ооганстандын бир канча райондорунда "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери бар. Көпчүлүгү Пакистан менен чектешкен, талиптер көзөмөлдөгөн аймактарда.

Аталган экстремисттик топ эч бир районду толук көзөмөлгө алган эмес. Алар өкмөт күчтөрүнө да, талиптерге да каршы күрөшүп келүүдө.

XS
SM
MD
LG