Москвадагы Классикалык сүрөт галереясында Кыргызстандын жаратылышын даңктаган көргөзмө өтүп жатат. Аны "Көчүп жүрүүчү фотографтар бирикмеси" уюштурган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын бардык аймактарынан тартылган 100 фотосүрөт коюлган.
1-мартта башталган маданий иш-чара 16-апрелге чейин уланат. (SE)