Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Бишкекте улгайган кишилер чуркап күч сынашты


Бишкекте жашы 60тан өткөн кишилер чуркап, күч сынашты. 120 адам катышкан таймашты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Тең мүмкүнчүлүктөр" бейөкмөт уюмунун жардамы менен уюштурду.

Ботаникалык бакта 7-апрелде өткөн мелдеште аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө 500 жана 1000 метр аралыкка чуркашты. Эң улуусу 86 жаштагы байбиче болду. Катышуучуларга белектер берилди.

Дастан Бекешев бул марафон улгайган кишилерди сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

500 метр аралыктагы таймаштын жыйынтыгы:

Аялдар арасында 1-орунду Сирена Миңгазиева, 2-орунду Айым Батырканова, 3-орунду Жаңыл Эсенбаева ээледи.

Эркектер арасында 1-орунду Анаркул Баитов, 2-орунду Канатбек Дүйшөев, 3-орунду Болот Эралиев ээледи.

1000 метр аралыктагы таймаштын жыйынтыгы:

Аялдар арасында 1-орунду Алина Набиева, 2-орунду Бүбүзулайка Акматова, 3-орунду Болдубү Асаналиева ээледи.

Эркектер арасында 1-орунду Турдумамат Абдазов, 2-орунду Василий Вавильченков, 3-орунду Жусуп Мураталиев ээледи. (SE)

XS
SM
MD
LG