Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:30

Эркебаев: Сегизбаевдин саясий жоопкерчилигин караган комиссия түзүш керек


Абдил Сегизбаев

Мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин саясий жоопкерчилигин кароо үчүн атайын комиссия түзүү керектигин айтты. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- "Белизгейт" окуясы боюнча убагында убада берген. "Мен жоопкерчиликти тартам" деген. Ал аткарылбады, иштин дайыны жок. Бир топ кишилер саясий өңүттө камалып кетти. Алардын сүйлөгөнү, жаздырылган аудиолордун чын-төгүнүн, Конституцияга канчалык туура келээрин аныктоо керек. Атайын комиссия түзүлүп, моралдык гана эмес, саясий жоопкерчилиги да каралышы керек.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Атамекенчилер" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирген. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин айтып, Белиз өлкөсүнөн келгени сөз болгон документтер жасалма болуп чыкса, Абдил Сегизбаев жооп берээрин эскерткен.

Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Абдил Сегизбаев 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG