Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Өзбекстан Тажикстанга газ бере баштады


Алты жылдык тыныгуудан соң Өзбекстан Тажикстанга газ бере баштады. "Узбекистон-24" телеканалы кабарлагандай, Музрабат-Дүйшөмбү газ кууру аркылуу учурда бир районду толук камсыздоого жетчү көгүлтүр от жеткирилүүдө. Берилген газдын көлөмү жакын арада көбөйөт. Аталган куурдун кубаты саатына 25 кубметрге барабар.

Газ жеткирүү боюнча Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы келишимге быйыл мартта, өзбек президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлган.

Эки мамлекеттин ортосундагы газ куурлары 2012-жылы үзүлгөн болчу.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эки өлкөнүн ымаласы начар болгон.

XS
SM
MD
LG