Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Венгриядагы шайлоого эл жигердүү катышууда


Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбандын шайлоо өнөктүгү. 31-март, 2018-жыл.
Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбандын шайлоо өнөктүгү. 31-март, 2018-жыл.

Венгриянын Улуттук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, түшкү саат үчкө чейин жарандардын 53,6% добуш берди. Бул 2002-жылдагы парламенттик шайлоодон берки эң жогорку көрсөткүч катары бааланууда.

8-апрелде Будапешттеги айрым шайлоо бекеттеринде эл узун кезекке туруп калышканы маалымдалды.

Оппозиция лидерлери элдин активдүү катышуусу жеңишти камсыздайт деп ишенип жатышат. Сурамжылоолорго караганда, премьер-министр, ашынган оңчул Виктор Орбандын ФИДЕШ партиясы 50 пайыздан ашуун добуш алат деп күтүлүүдө. Андай болсо Орбан үчүнчү жолу өкмөт башчылыкка шайланышы ыктымал.

54 жаштагы Орбан бул шайлоо "Венгриянын келечегин чечет" деп билдирди.

Шайлоого беш саясий партия жана кыймылдар да катышууда. Беш пайыздык чектен өткөндөр парламентке кирет. Калкынын саны 10 миллионго жеткен Венгриянын 8,3 миллион жараны добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG