Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Жогорку Кеңештин комитеттери өкмөттүн отчетун угат


Ушул апта Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери премьер-министр Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчетун угат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 10-апрелде парламенттин үч комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Даир Кенекеев маалымат берет.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. Алгач ал жалаң жаш адистерден түзүлгөн алдыңкы өкмөт катары сыпатталган эле. Бирок алты ай өтпөй жатып, анын курамында бир катар өзгөрүүлөр болду. Бир гана премьерди курчаган ондон ашуун кеңешчиси өзгөрө элек.

6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев "Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн" билдирип, арыз жазган.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда алганы белгилүү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG