Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

“Бир ишкер – бир көчөт” жашылдандыруу акциясы өттү


Акция учурундагы сүрөт.
Акция учурундагы сүрөт.

ЖИА бизнес бирикмеси, “Элим, барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана “АЗРА жемиштери” компаниясы 8-апрелде “Бир ишкер – бир көчөт” аттуу республикалык жашылдандыруу акциясын өткөрүштү.

Уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашкандай, премьер-министр Сапар Исаков катышкан өнөктүк “Таза жашоо” улуттук долбоорунун алкагында уюштурулду. Алар өлкө аймагына 3000 миң мөмөлүү жана кооз дарактардын көчөтүн отургузууну пландашкан.

8-апрелде Бишкектеги акция карыялар үйүндө, Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда, №71 мектепте, Дүлөй балдарга ылайыкташкан эки мектеп-интернатта жана “Ардагер” геронтологиялык борборунда өттү.

"Таза жашоо" - айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, жаратылышты коргоп, таштандыдан арылтууга багытталган республикалык өнөктүк. Аны өткөрүү боюнча быйыл азыркы өкмөт демилге көтөрүп чыкан. (SE)

XS
SM
MD
LG