Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Пентагон Cирияда абадан сокку урбаганын билдирди


Cириянын армиясы Дума шаарында. 8-апрель, 2018-жыл.
Cириянын армиясы Дума шаарында. 8-апрель, 2018-жыл.

АКШ Сириянын Хомс провинциясындагы аба соккусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу эл аралык агенттиктер америкалык аткаминерге шилтеме берип кабарлашты.

Пентагондун билдирүүсүндө «ал маалда Коргонуу министрлиги Сирияда абадан сокку урган эмес» деп айтылат.

Сириянын Хомс шаарындагы аскердик аэродромго абадан сокку урулганы тууралуу 9-апрелдин таңында сириялык маалымат каражаттары кабарлашкан. Алар тараткан маалыматка караганда, Сириянын абадан коргонуу системасы сегиз ракетаны атып түшүргөн.

Былтыр 7-апрелде америкалык күчтөр "Томагавк" деген канаттуу ракеталар менен Сириянын Хомс провинциясындагы өкмөттүк армиянын аэродромуна сокку урган.

Туура бир жыл мурда Сириянын Хан-Шейхун шаарында химиялык чабуул коюлуп, андан курман болгондор жүздөн ашкан. Ал чабуул үчүн Вашингтон жана Батыш мамлекеттери Сирия режимин айыптап, ал эми АКШ Сириянын аскер-аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган.

XS
SM
MD
LG