Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Сирия: Трамп Орусия менен Иранды айыптады


Сириядагы болжолдуу химиялык чабуулда ондогон кишилер курман болгону айтылууда. Интернетке чыккан видедон алынган кадр.
Сириядагы болжолдуу химиялык чабуулда ондогон кишилер курман болгону айтылууда. Интернетке чыккан видедон алынган кадр.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул үчүн Орусиянын лидери Владимир Путинди, Орусияны жана Иранды айыптады. Ал Сирия Дума шаарындагы ондогон адамдардын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган болжолдуу химиялык чабуулду "акылга сыйбас химиялык чабуул" деп атады. Орусия менен Иран мындай дооматтарды дароо четке кагышты. 7-апрелде Сириядагы козголоңчулардын карамагындагы Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуул тууралуу алгач ошол жактагы активисттер кабарлашкан.

7-8 апрель күндөрү "Сириянын Дума шаарында тартылды" деп Интернетке чыккан видеолордо ондогон кишилер, алардын арасында аялдар жана балдар ооздорунан көбүк агып, көздөрү аңтарылып жатканын көрүүгө болот. Алардын көбүндө тирүүлүктүн белгилери байкалбайт.

"Сирия-Америка медициналык коому" деген уюм жана "Ак каскачандар" аттуу куткаруучулар тобу биргелешип тараткан билдирүүдө курман болгондордун саны элүүгө чукулдаганы маалымдалды. Башка активисттер өлгөндөр алда канча көп экенин айтып жатышат. Жабыркагандардын саны жүздөн ашканы кабарланууда.

Думадагы чабуулда жабыркагандардын саны тактала элек. Интернетке чыккан видеодон алынган кадр.
Думадагы чабуулда жабыркагандардын саны тактала элек. Интернетке чыккан видеодон алынган кадр.

Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн, Британияда жайгашкан обсерватория уулуу газы бар бомба Думадагы ооруканага ташталганын билдирди. Бирок уюмдун жетекчиси химиялык курал чындап колдонулганбы же жокпу, аны ырастай албасын кошумчалады.

Ал эми Думадагы активисттер 7-апрелде тик учактар уулуу газы бар челектерди асмандан Думаны көздөй таштаганын, ошондон улам жай тургундар тумчугуп, дем ала албай калышканын билдиришти. Так маалымат алуу кыйын болуп жатканы менен дүйнөлүк желеге таркап кеткен сүрөттөр менен видеолор дароо коомчулуктун көңүлүн бурду. АКШ президенти Дональд Трамп 8-апрелде өз "Твиттерине" "бул окуя үчүн Сириянын президенти Башар Асаддын режимин колдогон Орусия, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Иран жоопкер" деп жазды.

"Орусия менен Иран Асадды колдогондору үчүн жоопкер. Алар бул үчүн кымбат кун төлөшөт " - деген президент Трамп АКШнын жообу кандай болорун айткан жок.

Ал эми Ак үйдүн ички коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөш боюнча кеңешчиси Томас Боссерт "АВС News" телеканалы менен болгон маегинде окуялар күтүлбөгөндөй өнүгүп кетиши мүмкүн экенин кыйытты:

- Мени биринчи таң калтырганы убакыт болду. Анткени бул биздин соккулардын туура бир жылдыгына туш келди. Мурда да алар ушул куралды колдонуу менен ката кетиришкен. Бир эле Кошмо Штаттар эмес, ар бир мамлекет жана ар бир киши Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мындай куралдын колдонулушуна каршы чыкса керек.

Туура бир жыл мурда Сириянын Хан-Шейхун шаарында да ушундай эле химиялык чабуул болуп, андан курман болгондор жүздөн ашкан. Ал чабуул үчүн Вашингтон жана Батыш мамлекеттери Сирия режимин айыптап, ал эми АКШ Сириянын аскер-аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган.

Хан-Шейхундагы химиялык чабуулда жүздөн ашуун киши курман болгон. 4-апрель, 2017-жыл.
Хан-Шейхундагы химиялык чабуулда жүздөн ашуун киши курман болгон. 4-апрель, 2017-жыл.

Биологиялык жана химиялык заттар боюнча адис Энди Оппенгеймер бир жылдан бери Сирияда химиялык чабуул бир нече жолу коюлганын белгилейт:

- Бир жыл мурда Хан-Шейхундагы чабуулда зарин заты колдонулган. Бул жолу да белгилер зарин же хлорин газы менен ууланганга окшошуп турат. Адамдар дем ала албай, тумчугуп, көздөрүнүн каректери кеңейип, ооздорунан көбүк агып, зарин менен уулануунун белгилерине окшоп турат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга кылдаат көз салып жатканын, эгер химиялык чабуул болгону далилденсе Сирия бийлигин колдогон Орусия да бул окуя үчүн жоопкерчилик алышы керектигин билдирди. Евробиримдик да 8-апрелде ушундай эле маанидеги билдирүү таратты.

Анткен менен Сириядагы тараптарды элдештирүү боюнча түзүлгөн Орусиянын атайын борборунун жетекчиси Юрий Евтушенко бул маалыматтарды четке какты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду "чагым жана жасалма маалымат" деп атады. Ал эми Сириянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги "Сана" өз кезегинде "бул жалган маалыматтарды козголоңчулар атайлап ойлоп таап, аймакты колдон чыгарбастын амалын кылып атышат" деген маанидеги билдирүү таркатты.

Орусия менен алакасын соңку кездери жакшыртып келе жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул чабуулду кескин айыптады:

- Карагылачы, бүгүн да Чыгыш Гутада балдар жана ымыркайлар жабыркады. Булар дагы эле Сирия режимин колдоп атышат. Биз мындай эки жүздүүлүккө, адамгерчиликсиз саясатка каршыбыз.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 4-апрель, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 4-апрель, 2018-жыл.

​Баш калаа Дамасктан анча алыс эмес жайгашкан, козголоңчулардын карамагандыгы Чыгыш Гута анклавын өз көзөмөлүнө алуу операциясын өкмөттүк күчтөр ушул жылдын февралында башташкан. Бул анклав оппозициячыл козголоңчулардын карамагындагы акыркы аймак болуп эсептелчү. Бир нече айдан бери аймакты курчоодо кармап турган өкмөттүк күчтөр 6-апрелде орус авиациясынын колдоосу менен чабуул башташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG