Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Бомба жөнүндө жалган кабар берген адамга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Ататүрк" паркына "бомба" коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам кармалып, кылмыш иши козголду. Анын жоругу Кылмыш-жаза кодексинин 228- беренесине ("Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү") ылайык иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

8-апрелде кечке жуук Бишкек шаардык милициясына белгисиз адам телефон чалып, "Ататүрк" паркына бомба коюлганын билдирген. Атайын кызмат менен шаардык ички иштер башкармалыгынын адистери паркты курчоого алып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок жардыргыч зат табылган эмес. Маалымат жалган экени, аны 43 жаштагы жергиликтүү тургун мас абалында милицияга кабарлаганы аныкталган.

Шектүү азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Мыйзамга ылайык, мындай маалымат берген адам үч жылга чейин камалат. Кыргызстанда буга чейин да "бомба" жөнүндө алдап чалып, күч түзүмдөрүн ызы-чуу түшүргөн бир канча факт катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG