Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:14

Президент Жээнбековду Түркиянын вице-премьер-министри тосуп алды


Сооронбай Жээнбековду Түркиянын бийлик өкүлдөрү тосуп алып жаткан учуру. 9-апрель, 2018-жыл.

Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

9-10-апрель күнгө пландалган сапарынын алкагында Жээнбеков түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Анкара өзүнө душман санаган Фетхуллах Гүлендин кыргыз-түрк лицейлерине тиешеси бар экени сөз болуп, Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен Түркиянын ымаласы соңку жылдары муздай түшкөн эле. Ушундан улам серепчилер Жээнбековдун бул сапары маанилүү болгонун белгилеп жатышат.

Кыргыз президенти Түркиядан кийин Брюсселге барып, 11-12-апрелде Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG