Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартууну талкуулоого даяр


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп.

Пхеньян алгачкы жолу Вашингтонго расмий түрдө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жолдорун талкуулоону сунуш кылды. Бул тууралуу АКШ администрациясынын атын айтпаган өкүлүнө таянып "Рейтер" агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жашыруун сүйлөшүүлөрдө Пхеньян жолугушууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

Буга чейин Түндүк Кореянын мындай ниети тууралуу Вашингтон Сеул аркылуу гана кабардар болуп турган. Сүйлөшүүлөр Улуттар Уюмунун жана атайын кызматтардын ортомчулугу менен жүрүп жатканы айтылууда.

АКШ эки өлкөнүн лидерлери май айында жолугушуусу мүмкүн экенин жарыялаган. Түндүк Корея бул боюнча үн ката элек. Саммит кайда болоору да азырынча белгисиз.

Пхеньянга 5-6-мартта жогорку деңгээлдеги делегацияны жетектеп барып, Ким Чен Ын менен жолуккан Түштүк Кореянын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён "Түндүк Корея өзөктүк курал же ракета сыноону токтотуп турууга" убада бергенин айткан эле.

Пхеньян буга чейин эгер Түштүк Корея АКШ жана Жапония менен бирге өткөргөн аскердик машыгууну токтотсо, өзөктүк куралдан баш тартууга макул экенин билдирип келген.

XS
SM
MD
LG