Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Орусиялык 50 ишкер бир күндө 12 млрд доллар жоготту


Орусиялык миллиардер Олег Дерипаска
Орусиялык миллиардер Олег Дерипаска

АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоодо орусиялык элүү киши бир күндө 12 млрд долларын жоготту. Бул тууралуу “Форбс” журналы жазды.

Вашингтондун «кара тизмесине» түшкөн ишкер Олег Дерипаска 24 саатта эле бир млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды.

Ишкерлерге тиешелүү акциялардын баасы бир топ арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельберг миллиард доллардай байлыгын жоготту. Каржы базарындагы капсалаңда Сулейман Керимов, Леонид Михельсон, Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов жана Алексей Мордашов зыян тартты.

9-апрелде орус өкмөтүнүн жетекчилери жаңы санкциялардан ишканалар кандай жабыр тартарын баалаган соң аларга мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүүгө убада берди. Премьер-министр Дмитрий Медведев жаңы санкциялар “кабыл алгыс, мыйзамсыз жана алар эл аралык укуктун чегинен чыгып кеткен” деп баалаган.​

6-апрелде Кошмо Штаттар Орусиянын коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин, саясатчыларды жана президент Путинге жакын делген миллиардерлерди “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон мындай чечимин “Москванын дүйнөгө тийгизген зыяндуу ишмердигин” жазалоо чарасы деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG