Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:27

Гераттагы жардыруудан алты жай тургун мерт кетти


Ооган күчтөрү жардыруу болгон жерде. Кабул. 2-март, 2018-жыл.

Ооганстандын Герат провинциясында базардан алыс эмес жайгашкан мечиттин жанында болгон жардыруудан кеминде алты карапайым тургун мерт кетти.

Провинциянын губернаторунун маалымат катчысы Жилани Фархаддын айтымында, курман болгондордун төртөө балдар.

Фархад ошондой эле Шинданд шаарында болгон дагы бир жардыруудан тогуз бала жарадар болгонун кошумчалады.

Кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Шаар Шинданд авиа базасынан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал ооган аба күчтөрү жана аларды машыктырган НАТОнун аскерлери жайгашкан стратегиялык объект катары саналат.

Калаа Иран менен чек арадан 110 чакырым алыстыкта орун алган.

XS
SM
MD
LG