Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:10

Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолугушат


Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы сапарынын алкагында бул өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат. Андан кийин түрк өкмөтүнүн башчысы Бинали Йылдырым жана парламент спикери Исмаил Кахраман менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт. Ушул эле күнү Анкарадагы Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүл коет.

9-апрелде эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарада жолугушуп, бир катар келишимдерге кол коюлду. Жээнбеков кол коюлган документтердин ичинен социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге басым жасап, аны тарыхый документ катары баалады:

- Бүгүн биз маанилүү эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Алардын ичинде тарыхый мааниге ээ болгон Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишим бар. Башкача айтканда эки жакта иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. (КЕ/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG