Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Индиядагы жол кырсыгында отуз киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын түндүгүндө окуучуларды ташып бараткан автобус кырсыкка учурап, кеминде 30 киши каза тапты. Алардын 27си 12 жашка толо элек балдар. "Reuters" агенттиги ооруканага жеткирилген 20 баланын абалы оор экенин жазды.

Кырсык 9-апрелде Индиянын Хамачал-Прадеш провинциясында Шимла шаарынан 325 чакырым алыста болгон. Автобус Гималай тоолорунун Кангра аймагында 90 метрдик аңга ала салып кирип кеткен. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Күбөлөр айдоочу катуу ылдамдыкта баратып, унааны башкара албай калганын айтышты. Индия жол кырсыгы көп болгон өлкөлөрдүн катарына кирет - анын айынан бул өлкөдө жыл сайын 135 миңдей киши каза болот.

XS
SM
MD
LG