Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Ошто алыскы аймактардын балдары медициналык кароодон өтөт


Ош облус аралык балдар ооруканасынын дарыгерлери иш учурунда. Апрель, 2018-жыл.
Ош облус аралык балдар ооруканасынын дарыгерлери иш учурунда. Апрель, 2018-жыл.

Оштогу облус аралык оорукананын адистери 9-апрелде Чоң-Алай, Алай райондоруна жөнөп кетишти. Курамына хирург, оториноларинголог, окулист, невропатолог, педиатр жана УЗИ адиси кирген дарыгерлер тобу бул аймактардагы балдарды медициналык кароодон өткөрүп, саламаттыгын текшерет.

Облус аралык оорукананын башчысы Элнура Боронбаеванын "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, жумуш сапарында тоолуу аймактардагы жугуштуу эхинококкоз, альвеококкоз сыяктуу оорулардын жайылышынын алдын алуу жана дарылоо иштери да жүргүзүлөт.

Алыскы райондордогу балдардын ден соолугун текшерүү иштери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында майдын аягына чейин жүргүзүлөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG