Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:41

Премьер-министр Сапар Исаков 10-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин иликтеген мекеме аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөр аныкталганы айтылды.

Исаков "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын төрагасы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаевди кызматтан алууну тапшырды.

Премьер-министр комиссиянын жыйынтыгын күткөнүн белгиледи. Ал "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилигин кызматтан алуу тууралуу чечимге алардын ЖЭБдин айланасында түзүлгөн кырдаал, модернизациянын жүрүшү жана авариянын себеби тууралуу коомчулукка жана парламент депутаттарына жеткиликтүү түшүндүрө албаганы түрткү болгонун кошумчалады.

Буга чейин УКМК Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалганын кабарлаган.

Быйыл 26-январда ЖЭБде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин кытайлык TBEA компаниясы жүргүзгөн. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG