Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:16

Бүгүн 10-апрель күнү эртең мененки саат тогуздарда Нарын шаарынын борбордук бөлүгү тушунан Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпирди милиция кызматкерлери көрүп куткарып калган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Маалыматка ылайык дарыяга боюн таштаган кемпир үй-бүлөлүк келишпестиктен улам ушундай кадамга барышы мүмкүн. Учурда кемпир куткарылып, облустук ооруканадан ден соолугу текшерилген соң үйүнө чыгарылган.

Дарыяга боюн таштаган кары киши Нарын облусунда биринчи ирет катталды. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG