Сириянын Дума шаарындагы химиялык деп болжолдонгон чабуулга жооп бериш үчүн Кошмо Штаттардын “бир топ аскердик варианттары” бар экенин президент Дональд Трамп дүйшөмбүнүн кечинде билдирди.
Трамп армиянын жогорку жетекчилиги менен жыйын өткөргөн соң Сириядагы кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып, алардын жыйынтыгы “жакында” билинээрин кошумчалады.
Ага чейин америкалык лидер Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сириядагы химиялык чабуулга бирге жооп берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаган. Вашингтон бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Сириянын президенти Башар Асадга жана анын союздаштары Иран менен Орусияга жүктөгөн.
Француз өкмөтүнүн өкүлү эгер Сирияда химиялык курал колдонулганы аныкталса, Франция токтоосуз жооп берерин билдирген.