Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:14

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эрежелерди тактоо сунушталды


Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун өзбек чек арачысы атып салган окуяга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолугуп, маселени жеринде талкуулашты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысы Руслан Мирзаев жагдайды талкуулап, тараптар чектеш аймактардагы эрежелер толук аткарылбай жатканын, макулдашууларды дагы бир сыйра карап чыгуу зарыл экенин белгилешти. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-апрелде кабар таратты.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, окуя Кыргызстандын аймагында болгон.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргенин, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегенин, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн" билдирген.

Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын адистери биргелешкен жумушчу топ түзүп, жагдайды иликтөөдө.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында расмий Бишкек Ташкентке нота жиберген. Кыргыз өкмөт башчысы өзбек кызматташы менен да телефон аркылуу бул жагдайды талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG