Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Аксыдагы элдик жыйын люстрация мыйзамын кабыл алууну талап кылды


Аксы району.
Аксы району.

Аксы районунун борбору Кербен шаарында бүгүн элдик жыйын өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, жарандык активист Сапарбек Наркеев “Азаттыкка” билдирди. Элдик жыйындын катышуучулары президенттин корупцияга каршы күрөш боюнча саясатын колдоого алып, аймактарда да жемкорлук менен күрөштү күчөтүүнү талап кылышты. Алар люстрация мыйзамын чукул арада кабыл алып, аймактардагы кадр саясатын партиялык көз караштан эмес, кадрлардын тажрыйбасына жараша жүргүзүүнү сунуш кылышты. Бул тууралуу айтылган пикирлер президентке жана өкмөт башчысына жазылган кайрылууда жазылды.

Элдик жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча аларга мурдатан чакыруу берилген.

Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов чек арадагы окуяга байланыштуу элдик жыйынга барып катышууга убакыт болбогонун айтып, борбордук бийликтен келген бардык талаптардын негизинде гана иш алып барып жатканын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG