Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Масалиев: Башкы прокурор ишиндеги кемчиликтер үчүн бошотулууда


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президенттин парламентке жиберген сунуштамасында ал жетектеген мекеменин ишиндеги кемчиликтер негиз кылынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев "Азаттыкка" билдирди:

- Мыйзам боюнча, президент Баш прокурорду бир гана учурда - анын ишине канааттанбаган учурда кызматтан бошотууну сунуш кылууга укуктуу. Башкы прокурор кызматтан өз ыктыяры менен кетсе болот. Дагы бир учурда парламент кетире алат. Ал үчүн башкы прокурордун ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан аныктаманы депутаттардын үчтөн бири сунуш кылып, үчтөн экиси колдоого алганда гана парламент башкы прокурорду кызматтан ала алат.

Исхак Масалиевдин маалыматы боюнча, Индира Жолдубаевадан парламентке кат келип түшкөн. Анда Жолдубаева парламент башкы прокурордун маселесин өзүнүн катышуусуз кароосуна макулдугун берерин билдирген.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө президенттин сунушу Жогорку Кеңешке 10-апрелде келип түштү. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук мыйзамдар жана регламент комитети аны карап, президенттин сунушун жактырды. Комитет бул маселени кароону 11-апрелде парламенттин жалпы отурумуна алып чыкмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG