Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Орусияда рублдин куну түшүп баратат


Москванын баалуу кагаздар базарында орус рублинин куну кескин түштү. Шейшембиде евро менен доллардын курсу эки рублга кымбаттады. Соңку эки жылда евронун курсу 77 рублдан, доллар болсо 62 рублдан өттү.

Бир күндө эле акциялар эки триллион 700 миллиард рублга же 7% түшкөн.

Bloomberg агенттиги орус ишкерлери бир күндө 16 миллиард долларга чукул байлыгын жоготконун жазды.

Рублдин куну дүйшөмбүдөн тарта түшө баштаган. АКШнын Орусия боюнча жаңы экономикалык санкциялары жарыялангандан кийинки алгачкы соодада рубль нарксызданып, орусиялык компаниялардын акциялары кыйла арзандап кетти.

6-апрелде Вашингтон орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция салган болчу. Вашингтон мындай чектөөлөрдү "Москва 2016-жылкы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген негизде киргизди.

XS
SM
MD
LG