Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:39

Санкциялар орус олигархтарынын чөнтөгүн жукартты


АКШ санкция салган олигархтар (солдон оңго): Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Кирилл Шамалов, Виктор Вексельберг.

АКШнын Орусия боюнча жаңы экономикалык санкциялары жарыялангандан кийинки алгачкы соодада рубль нарксызданып, орусиялык компаниялардын акциялары кыйла арзандап кетти. Мындан улам орусиялык ири байлар баалуу кагаздар базарынан миллиарддаган долларды жоготту. Өткөн жума күнү АКШ орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция салган болчу.

9-апрелде Москванын акча базарындагы соодада рублдин долларга алмашуу курсу 59, еврого 74төн ашты. Рубль-доллар катнашында мындай көрсөткүч акыркы ирет 2017-жылдын 25-декабрында, рубль-евро катнашында 2016-жылдын 4-августунда болгон.

Ал эми “Форбс” журналынын эсебинде, орусиялык 50 олигарх бир күндө баалуу кагаздар базарынан 12 миллиард долларды жоготту. Эң чоң жоготууга Орусиянын алюминий гиганты - “Русал” компаниясынын ээси Олег Дерипаска учурады. Ал бир миллиард доллардан ашуун акчасынан айрылды. “Русалдын” акциялары Гонконг биржасындагы соодада дээрлик 50%, Орусиянын өзүндө 20% арзандады.

Бул АКШ “Русалдын” ээси, миллиардер Олег Дерипасканын өзүнө, ал түз же кыйыр көзөмөлдөгөн сегиз компанияга санкция салганына байланыштуу болду.

Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 9-апрель, 2018-жыл.
Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 9-апрель, 2018-жыл.

Санкцияга илинбегени менен баалуу кагаздар базарынан каржылык жоготууларга Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов, Алексей Мордашов өңдүү миллиардерлер да учурады.

Мамлекеттик компаниялардан «Сбербанктын» акциялары 11,59%, ВТБ банктыкы 9,2%, "Роснефтиники" 7,5%, "Газпромдуку" 7,8% нарксызданды.

Премьер-министр Дмитрий Медведев 9-апрелде өкмөттөгү жыйында АКШнын акыркы санкциялары боюнча буларга токтолду:

- Биз мындан жөнөкөй эле прагматикалык кадамды айдан-ачык көрүп турабыз. Бул - өзүңдүн экономикалык маселелериңди атаандаштыкка туруштук бере албаган ыкмалар менен чечүү. Кайсы бир жаман орустарды жазалоо керек деген саясий мукаба мунун экономикалык маңызын жаап калбашы абзел. Экономикалык маңыз - америкалык коммерциялык кызыкчылыкты азыркы соода эрежелерине, тартипке карабай бүткүл дүйнө боюнча түртүүдө жатат. Бул чечимдер кабыл алынгыс, биз аны легитимсиз деп санайбыз жана жооп чара көрүү укугубузду сактайбыз.

Орус өкмөтү эми АКШ санкция салган компанияларга колдоо көргөзүлөрүн убада кылууда. Маселен дүйнөлүк алюминий өндүрүштүн 7% берген “Русал” айрым кредиттик милдеттенмелерин аткара албай техникалык дефолтко кабылышы мүмкүндүгүн ишара кылды.

Бутага илингендер

АКШнын Каржы министрлиги бул ирет жалпысынан орусиялык беш миллиардер ээлик кылган же аларга байланышы бар 12 компанияны, ошондой эле мамлекеттик жана курал соодасы менен алектенген “Рособоронэкспорт” менен коргонуу өнөр жайын тейлеген “РФК-Банк” банкын да бутага алды.

Санкцияга кабылуу ал компаниялар АКШнын каржы базарынан чыгарылат дегенди билдирет. “Кара тизмеге” түшкөн миллиардерлердин арасында Олег Дерипаскадан башка Виктор Вексельберг, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг, Кирилл Шамалов бар.

Мындан улам бул миллиардерлердин чет элдик бизнес өнөктөштөрү да кабатырлана баштагандай. Маселен Швейцариянын Sulzer инженердик компаниясы анын акцияларынын көбүнө ээлик кылган миллиардер Вексельбергдин “Renova Group” компаниясынан өз акцияларынан беш миллион даанасын сатып алууну 8-апрелдеги чукул жыйынында чечкен.

Санкцияга бул ирет мамлекеттик ВТБ банктын башчысы Алексей Костин, “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер, “Сургутнефтегаз” компаниясына ээлик кылгандардын бири жана башкы директору Владимир Богданов, “Газпромбанктын” башкармалык төрагасы Андрей Акимов кабылды.

Орусиялык ири чиновниктер менен депутаттардан бул ирет АКШнын “кара тизмесине” Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Росгвардиянын башчысы, президент Владимир Путиндин мурдагы жансакчысы Виктор Золотов, Тышкы чалгын кызматынынын мурдагы башчысы, мурдагы премьер-министр Михаил Фрадков, ички иштер министри Владимир Колокольцев, президенттин жардамчылары Сергей Фурсенко, Евгений Школов, Мамлекеттик Думанын депутаттары Константин Косачев, Андрей Скоч, Владимир Резник, "Роскомнадзордун" башчысы Александр Жаров, Тула облусунун губернатору, генерал Алексей Дюмин да кошулду.

АКШнын Каржы министрлиги санкциялардын азырынча акыркы айлампасын Кремлди “зыяндуу ишмердиги” үчүн жазалоонун алкагындагы чара катары мүнөздөдү:

- Алар президент Путиндин досторунун, кесиптештеринин, ал узактан бери билген адамдардын артынан түшүп жатышат. Менимче режимге байланышы бар адамдардын изине түшкөн абдан маанилүү. Кремль муну орус элине, Орусияга каршы санкциялар деп сыпаттай албайт. Бул орус элине каршы санкция эмес. Бул чындап эле Батышты коркутуп жаткан, абдан коррупцияланган режимдин арты менен байыган, коррупцияланышкан чиновниктердин чакан тобуна каршы санкция,- дейт Вашингтондогу Brookings институтунун талдоочусу Жейми Кирчик.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс болсо жаңы санкцияларды “администрациянын Конгресс каалоосуна шайкеш аракеттеринин жыйындысы”,- деп түшүндүрдү. Бирок санкциялар президенттер Трамп менен Путиндин жолугушуу пландарына таасир бербейт деген ишенимин да билдирди.

Мыйзам талабы

Конгресс былтыр жайда кабыл алган мыйзам талабына ылайык, Кошмо Штаттарда быйыл 30-январда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланган.

Расмий эмес “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 олигархтын ысымдары камтылган болчу. Каржы министрлиги ал “кара тизмени" былтыркы мыйзамдын талабына ылайык даярдаган.

Президент Дональд Трамп анда кыйылып жатып кол койгон мыйзам “Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу каршылык көрсөтүү жөнүндө” (CAATSA) деп аталган.

Мыйзамды Конгресс Орусия АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө жооп чара катары ага басымды күчөтүү максатында кабыл алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG