Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы 10-апрелде кабарлады.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Улуттук энергохолдингдин" уставына ылайык чыгарган чечимдин жана Калиев өзү иштен кетүү тууралуу жазган арызынын негизинде ал кызматтан бошотулду.
Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мурда ал жетекчинин орун басары болгон.
Калиев бул кызматка 2016-жылдын январында келген. Премьер-министр Сапар Исаков 10-апрелде Айбек Калиевди кызматтан алууну сунуш кылган.
Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. (SE)