Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44

ЖК депутаттары соттолгон саясатчы, журналисттердин туугандары менен жолугат


Жогорку Кеңештин он эки депутаттан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү Кыргызстанда соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары менен жолугат.

Демилгечи депутаттардын бири Каныбек Иманалиевдин “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, абактагы саясатчылардын баарынын жакындары чакырылган:

- Алар мурдатан бери бизге кайрылып жүргөн. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Тойгонбек Калматов, Дүйшөн Чотонов, Аида Салянова. Марат Султанов жана башкалар. Туугандары, адвокаттары менен жолугуп, угуп-көрөлү деп жатабыз. Алардын ал-акыбалы, мыйзамдык кандай жолдор бар, соттун, прокуратуранын чечими, иштери канчалык туура болгонун талдап көрөлү дедик. Ошондон кийин алардын укугун мыйзам чегинде кантип коргоп бере ала турганыбызды чечебиз.

Мындан сырткары депутаттар соттолгон журналисттер Дайыр Орунбеков, Нарын Айып, Дина Маслова, Элнура Алканова жана адвокаттар Канатбек Азиз, Таалайгүл Токтакунова да чакырылган.

“Парламентаризм үчүн” клубуна Алтынай Өмүрбекова, Жанар Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев жана башкалар мүчө.

Кыргызстанда учурда бир катар саясатчылар түрмөдө олтурушат. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буйрутма деп баалашат. (КE)

XS
SM
MD
LG