Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Бишкек шаардык соту “Суу кодексине” каршы арызды карайт


Кумтөрдөгү мөңгүлөр.
Кумтөрдөгү мөңгүлөр.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш кабыл алган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча жарандык активисттердин доо арызын карайт.

Рита Карасартованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, документти кабыл алууда эл өкүлдөрү процедуралык мыйзам бузууга жол бергени үчүн Жогорку Кеңештин “Суу кодексин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомун жараксыз деп табууну суранган. Буга чейин ишти райондор аралык соту карап, ал четке кагылган.

Былтыр ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган, аны жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү колдоп берген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев документке 23-ноябрда кол койгон.

- Парламент отурумунда жарымы дагы эмес, 30дай эле депутат бири- бирине добуш берип коюшкан. Буга чейин райондор аралык сот ишти карап, доо арызды канааттандырган эмес.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү "эрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү" каралган. Документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыккан. Алар мыйзам долбоорун өзгөртүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыянын тийгизерин айтып, аны четке кагууну талап кылып жатышат.

Бийлик Кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тиешелүү болорун билдирип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG