Линктер

бейшемби, 19-апрель, 2018 Бишкек убактысы 15:50

Сириядагы ыктымал болгон химиялык чабуулду иликтөө боюнча АКШ сунуштаган резолюциянын долбоору БУУнун Коопсуздук кеңешинде керек болгон тогуз добушту алган жок.

Ага Боливия менен Орусия каршылык билдирди.

Добуш берүү 10-апрелде болду. Өз кезегинде АКШнын уюмдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Коопсуздук кеңешинде кандай гана чечим кабыл алынбасын, химиялык чабуулга күнөөлүүлөрдү жазалаш үчүн Кошмо Штаттар өз алдынча аракет кыла турганын билдирди.

Хейли резолюциянын долбоорун иштеп чыгууда АКШ Орусиянын пикирин эске алууга аракет кылганын айткан. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы болжолдуу химиялык чабуул үчүн Башар Асадды колдоп келаткан Орусия менен Иранды айыптаган. Орусия мындай дооматтарды четке кагып келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG