Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Чемпиондор лигасы: “Барселона” оюндан четтеди


Барселона оюнчулары Лионель Месси жана Луиз Суарез
Барселона оюнчулары Лионель Месси жана Луиз Суарез

Чемпиондор лигасынын 1/4 финалдык оюндарында Италиянын “Рома” клубу Испаниянын “Барселонасын” 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Мындан эки жума мурда “Барселона” өз үйүндө римдиктерди 4:1 эсебинде утканына карабай, экинчи беттештен кийин голдордун саны 4:4 болуп, ал эми “Романын” конокто жараткан голу артыкчылыкка ээ болду.

Ал эми жарым финалга экинчи жолдомону Англиянын “Ливерпуль” командасы алды. Алар конокто “Манчестер Ситини” 1:2 эсебинде утуп, эки беттеш боюнча оюндардын жалпы эсебин 5:1 кылганга жетишти.

Чемпиондор лигасынын 1/4 финалдык оюндары бүгүн уланып анда “Реал Мадрид” - “Ювентус”, “Бавария” – “Севилья” командалары ойнойт. (SDz)

XS
SM
MD
LG