Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт


Бүгүн Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Илхам Алиевден тышкары жети талапкер катышып жатат.

Оппозиция бул шайлоого байкот жарыялап, ал адилеттүү өтөрүнө ишенбесин жарыялаган. Алар Алиев өз атаандаштарына даярданууга убакыт бербегенин, ал эми каттоодон өткөндөр чыныгы атаандаштар эмес экенин билдирүүдө.

Кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу президент Илхам Алиев быйыл февралда жарыялап, бирок анын себебин түшүндүргөн эмес. Айрым эксперттер "президент элдин нааразылыгы күчөй электе шайлоо өткөрүүнү көздөдү" деп белгилешкен.

Буга чейин Шайлоону жана демократияны изилдөө борборунун жетекчиси Анар Мамедли президенттик шайлоонун өз мөөнөтүнөн мурда жарыяланышынан улам оппозициянын жана коомдук уюмдардын ага катышууга даярдыгы жок деп билдирген.

Азербайжанда бул шайлоо оппозициячыл саясатчылар жана эркин журналисттер камалып, көз карандысыз, сынчыл ой-пикир айткан активисттер куугунтукталып жаткан учурда өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG