11-апрелге караган түнү Каракол шаарында кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" кабарлап, сүрөттөрдү жиберишти.
Кыргызгидромет ишканасы өлкө аймагында 10-11-апрелде жаан-чачын көп болорун, тоолуу аймактарга кар түшөрүн эскерткен.
Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөт. Мындай аба ырайы эрте бышкан алма, өрүк жана алчага зыян.
Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. (SE)